Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Билим берүүнүн сапаты департаменти


Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иш жүргүзгөн, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Билим берүүнүн сапаты департаменти өз алдынча түзүмүк бөлүм болуп саналат.

Билим берүүнүн сапаты департаментинин негизги максаты- институттардын, жогорку мектептердин, филиалдардын, окуу түзүмдөрдүн, университтетеги бөлүмдөрдүн жана кызматтардын билим берүүнүн сапатын камсыз кылууну координациялоо жана ар кандай кызыкдар тараптардын (иш берүүчүлөрдүн студенттерди, ата-энелерди, коомду жана башкаларды) муктаждыктарын канаттандыруу.

Билим берүүүнүн сапаты департаментинин тарыхы 2007-жылы башталган, И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетинин Билим берүүнүн сапаты департаменти катары, Tempus TACIS SCM T078A06 «QM-KSTU», «КТУнун функцияларына жана процесстерине сапаты башкаруунун модулдарын өткөрүү» долбоорунун алкагында түзүлгөн. Долбоордун негизги максаты Болон процессине өтүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болгон. Долбоордун негизги маселелери болуп: Европа Биримдигинин университеттеринде жогорку билим берүүнүн сапат менеджмент системасын киргизүү тажрыйбасын талдоо жана изилдөө, КМТУда сапат менеджмент системасын иштеп чыгуу жана киргизүү, Болон декларациясынын принциптерин окуу процессине киргизүү жана Европа университеттеринин тажрыйбасынын негизинде КТУнун билим берүү сапаты департаментинин ишин жакшыртуу болгон.

Долбоор Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн университеттеринин: Генуя университеттеринин (Италия), Словакиянын технологиялык университетинин (Словакия) жана Пьер Мендес атындагы Гренобль университети (Франция) активдүү колдоонун жана катышуусунун аркасында ишке ашты.

2011-жылы Департамент Билим сапаты бөлүмү болуп өзгөртүлгөн.

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022 –жылдын 18- июлундагы №243 «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарыннын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022- жылдын 29- июлундагы № 414 «Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө», токтомун аткаруу максатында,2022- жылдын 19- августундагы № 1605/1 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде, “Н.Исанов атындагы Кыгргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети”  жана Академик Ү.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттику геология, тоо –кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети мекемелери, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекетик техникалык университетине кошулгандыгына байланыштуу,  Билим берүүнүн сапаты бөлүмү, Билим берүүнүн сапаты департаменти болуп өзгөртүлгөн азыркы этапта төмөнкү максаттарды аткарып жатат:

  • университеттин сапат системасынын уюштуруу жана башкаруу структурасын жаңыртуу жана ишке киргизүү;
  • университеттин институттарында, жогорку мектептеринде, филиалдарынрда, колледждеринде, окуу түзүмдөрүндө жана бөлүмдөрүндө сапат саясатын ишке ашыруу жана координациялоо;
  • университеттин институттарында, жогорку мектептеринде, филиалдарында, колледждеринде, окуу түзүмдөрүндө жана бөлүмдөрүндө билим сапатынын көрсөткүчтөрүнө жана процесстерине мониторинг жүргүзүү, аларды талдоо жана сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
  •  университеттин институттарында, жогорку мектептеринде, филиалдарында, колледждеринде, окуу түзүмдөрүндө жана бөлүмдөрүнүн ишин ички аудит жана өз алдынча баалоо боюнча чаралардын системасын ишке ашыруу;
  • университеттин билим берүү жана башка иш-чараларынын сапатын уюштуруу боюнча социалдык сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • сапатты башкаруу максатында КМТУнун ишин жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик документтерди иштеп чыгуу;
  • билим берүү программаларын жана мекемелерин лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча иштерди даярдоо жана уюштуруу;
  • сапатты башкаруу боюнча эл аралык билим берүү мекемелеринин тажрыйбасын жана сунуштарын анализдөө жана практикада колдонуу;
  • университеттин ички сапатты камсыздоо системасынын эффективдүү иштешин жана башкаруусун жакшыртуу.