Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Маркшейдерлик иштер жана ГМС технологиялары


90-жылдардын аягында Кыргыз Республикасынын аймагынын тоо-кен тармагында маркшейдерлердин жана геодезистердин кескин жетишсиздиги калыптанып, ага байланыштуу 2000-жылы академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-кен металлургия институтунун №01/35  буйругу менен «Маркшейдердик иш жана геомаалыматык системалар, технологиялар» кафедрасы түзүлгөн. “Тоо-кен иштерин жер астында казып алуу” кафедрасынын базасында 1999-жылы биринчи инженер-маркшейдерлердин бүтүрүүчүсү болгон.

Кафедра Кыргыз Республикасында жана Орто Азиядагы башка мамалекетеринин жаштарын 630003 «Тоо-кен» иши, 610001 «Колдонмо геодезия» багыты боюнча жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт жана дипломдуу адистерди (инженерлерди) даярдайт.

«Колдонмо геодезия» адистиги. Бул адистик боюнча окуу процессинде студенттер конструкциялардын деформациясынын даражасын аныктоого жана бекитилген долбоорго так ылайык конструкцияларды тургузууну камсыз кылууга мумкундук беруучу геодезиялык олчоолорду жургузуунун методдорун иштеп чыгуу менен таанышышат; пландаштырылган тармакты байытуу боюнча иштердин аткарылышын изилдөө; карталарды, пландарды, схемаларды, профилдерди жана топографиялык-геодезиялык мүнөздөгү башка материалдарды даярдоо менен алектенишет; геодезиялык приборлорду текшеруу жана юстировка кылууну оздоштурот.

«Маркшейдердик иш» адистиги. Адистикти бүтүрүүчүлөр илим-изилдө жана долборлоо иштеринде, коммерциялык ишмердүүлүктөр жана уюштуруу-башкаруу иштеринде ийгиликтүү эмгектенишүүдө. Тоо-кен иштеринде маркшейдерсиз кендерди ачык ыкма менен казып алууну жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Маркшейдер-инженеринин эң негизги маселеси жер астындагы тоо-кен казмаларын багытоо. Ар бир адистик пайдалуу кендерди: алтын, алмаз, темир, көмүр, газ жана башка көптөгөн минералдарды жана заттарды жер астынан казып алууда өзүнүн салымын кошот.

 

                                               Негизги окуу дисциплиналары

  "Маркшейдердик" адистиги:

Маркшейдерия жана квалиметрия; Тоо тектеринин жылышы, маркшейдер-геодезиялык приборлор; Жер казынасынын геометриясы; Фотограмметрия жана ДЗЗ; Жер астындагы курулуштарды курууда маркшейдердик жумуштар; Тоо кендерин компьютердик моделдөө Micromine; жер казынасын коргоо; Жер астындагы тоо-кен иштеринде маркшейдердик жумуштар; маркшейдердик-графикалык документация.

«Колдонмо геодезия» адистиги:

Жер кадастрынын негиздери; Геомаалыматтык системалар жана технологиялар; Геодезиялык приборлор; алыстан зонддоо жана фотограмметрия; Жогорку геодезия; Колдонмо геодезия; инженердик-геодезиялык изилдөөлөр; Жалпы картография; Спутниктик системалар жана позициялоо технологиялары; Курулуш технологиясы.

 

                      Лабораториялык база. Бүгүнкү күндө маркшейдердик иш жана геомаалыматтык системалар, технологиялар кафедрасынын материалдык-техникалык базасы тынымсыз кеңейип, жаңы  кеңири ассортименттеги заманбап маркшейдердик-геодезиялык приборлор менен толукталып, компьютердик класс жана заманбап талаптарга жооп берген мультимедиялык системалар менен жабдылган лаборатория бар. Лабораториялык жана практикалык сабактардын бир бөлүгү Кегеты тоо капчыгайындагы жайкы полигондун базасында өткөрүлөт.

2013-жылдын декабрь айында Micromine лицензиясы бар 15 компьютер университеттин кызматкерлерин жана студенттерин окутуу үчүн бөлүмгө өткөрүлүп берилген. Micromine программасы билим берүү максатында кенди долбоорлоо үчүн иштелип чыккан. Бөлүмдүн базасында Micromine компьютердик борбору ачылып, компьютерлер интернетке кошулган.

Кафедра курамы:Омуралиев С.Б. – к.ф-м.н., доц.; Чунуев И.К. – к.т.н., профессор; Умаров_Т.С. – к.т.н., доцент.; Шамбетов З.С. – к.ф-м.н.; Исаев Б.А. – ст. преп.; Абдылдаев А.Е. – ст. преп.; Дуйшонбек кызы Г. – ст. преп.; Эмилбек кызы А – ст. преп.; Абдиев А.А.– ст. преп.; Молдобеков К.Т. – преп; Калинур кызы Б – преп.; Кементурова Н.Р. – преп; Калыкбердиев А.К. – преп.; Сагалиева З.С. – методист.

Ишмердүүлүк. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин студенттер окуусун андан ары аспирантурада улантып, техника илимдеринин доктору илимий даража наамын алууга мүмкүнчүлүгү бар. Кафедрада билим берүүнүн негизги иши болуп окутуучулардын жана студенттердин илимий-изилдөө иштери саналат. Ал мамлекеттик бюджеттин жана келишимдик илимий темалардын негизинде түзүлүп, кафедранын алдыңкы окутуучуларынын жетекчилиги астында студенттердин илимий-изилдөө иштери жигердүү жүргүзүлүүдө.

      Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы «Бийик тоолуу шарттарда тоо -кендерин коопсуз жана натыйжалуу казып алууну камсыз кылуу максатында тоо тектеринин геомеханикалык абалын геометризациялоо жана болжолдоо» проблемасынын алкагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Кафедра кызматкерлери жыл сайын Эл аралык жана Республикалык илимий-техникалык конференциялардын ишине катышып, илимий-изилдөө материалдарын илимий мезгилдүү басылмаларга макала түрүндө жарыялап турушат.

 "Маркшейдердик" жана "Колдонмо геодезия" адистиктери боюнча тоо-кен инженерлеринин кесиптик ишинин объектилери болуп төмөнкүлөр саналат: шахталар, рудалык, металл эмес, көмүр кендерин иштетүү үчүн шахталар, карьерлер, көмүр шахталары, тоо-кен курулуш объекттери (гидротехникалык жана инженердик курулуштар) жана жол-курулуш жумуштары (унаа-жолдору, темир жолдор), ошондой эле долбоорлоо жана илим-изилдее институттары.

Окуу боюнча практикалык жумуштар Кыргызстандын алдынкы тоо-кен ишканаларында отушот алар: ОАО “Кыргызалтын” (Макмал, Солтон-Сары кендери); ГП “Кыргызкомур” (уч-к «Центральный» «Кара-Кече» комур кени); ЗАО «Шарбон» (уч-к «Токсон-Теке, «Кара-Кече» кени); ОсОО «Разрез Минкуш» («Мин-Куш» комур кени); ОсОО «KAZ Minerals Bozymchak» (коло-алтын «Бозумчак» кени); ЗАО «Кумтор Голд Компани» («Кумтор» алтын кени); ОсОО «Алтын–Кен» («Талды-Булак Левобережный» алтын кени); ОсОО «Full Gold Mining» («Иштамберды»); ОсОО «Vertex Gold Company» «Жамгыр»кени);  ЗАО «Чаарат Заав» («Чаарат» алтын кени); ЗАО «Булак АБИ» (уч-к «Северо-Восточный», «Широкое»); ОсОО «Мега Юнион Индастри» («Чангырташское» кени) ж.б.;

       Кафедраны өнүктүрүүнүн стратегиялык максаты билим берүүнүн жогорку сапатына жетишүү, эмгек жайында атаандаштыкка жөндөмдүү жана эл аралык стандарттарга ылайык натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү адистерди даярдоонун жаңы деңгээлин камсыз кылуу болуп саналат.

       Кафедраны өнүктүрүүнүн билим берүү, илимий жана инновациялык стратегиясы компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоону камсыздоого, ошондой эле кафедранын жаш окумуштууларын социалдык-экономикалык жактан колдоо жана кадрдык резервди өнүктүрүү программасын өркүндөтүүгө багытталган.

       Кафедранын максаты – билимибиз жана тажрыйбабыз аркылуу өзгөртүлгөн, илимий жана билим берүү технологияларын өнүктүрүү аркылуу жаңы формациядагы, илимде алган билимдерин практикалык ишке ашырууга жөндөмдүү, сапаттуу, жеткиликтүү, заманбап билим берүү болуп саналат.