Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Эл аралык болуму


И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги стратегиялык максаты – университеттин дүйнөлүк илимий жана билим берүү мейкиндигинде, инновациялык жана илимий чөйрөдө тең укуктуу өнөктөш катары интеграцияланышы, инновациялык жана илимий чөйрөгө аралашуу, дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү жана илимий борбор катары университеттин имиджин сактоо жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүү.
Негизги максатка жетүүнүн алкагында биздин университет төмөнкү милдеттерди чечет:

  • билим берүү, илимий жана инновациялык тармактарда өзгөчө статуска ээ болгон университеттин эл аралык аброюн өнүктүрүү жана чыңдоо;
  • университетти эл аралык билим берүү системасына жана илимий коомчулукка интеграциялоо;
  • жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин университеттери, илимий жана билим берүү фонддору жана уюмдары менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
  • билим берүү процессинде биргелешкен эл аралык билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • университетте чет өлкөлүк студенттердин контингентин көбөйтүү;
  • чет өлкөлүк студенттерди университетте адаптациялоо жана окутуу процессине ар тараптуу колдоо көрсөтүү;
  • студенттер, магистранттар, аспиранттар, докторанттар жана окутуучулар үчүн эл аралык академиялык мобилдүүлүк программаларын уюштуруу, активдештирүү жана координациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
  • биргелешкен эл аралык программаларды жана долбоорлорду, анын ичинде эл аралык гранттардын алкагында түзүүгө жана ишке ашырууга катышуу;
  • университеттин эл аралык ишмердүүлүгүнүн рейтингин жогорулатуу, анын ичинде Scopus жана Web of Science библиографиялык маалымат базаларында жарыялоо аркылуу;
  • илимий жана билим берүү долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу үчүн эл аралык фонддордон жана уюмдардан каражаттарды тартуу;
  • университетте окуу жана илимий-изилдөө иштерине дүйнөгө белгилүү адистерди да, жаңыдан баштаган окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү да тартуу;
  • өнөктөштөрдүн өнүккөн тармагынын жардамы менен университеттин болуу географиясын кеңейтүү, ассоциацияларга мүчө болуу, ошондой эле эң маанилүү региондордо университеттин өзүнүн өкүлчүлүктөрүн уюштуруу;
  • университет менен дүйнө жүзүндөгү жогорку технологиялык корпорациялар менен компаниялардын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү;
  • эл аралык программаларга жана гранттарга активдүү катышуу максатында университеттин окутуучулары жана кызматкерлери тарабынан чет тилдерди өздөштүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле чет өлкөлүк студенттер үчүн окуу пландарын жана курстарын даярдоо.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети чет өлкөлүк жарандарга сапаттуу кесиптик билим берип, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин университеттери, илимий-билим берүү фонддору жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга ачык.