Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

И.Раззаков атн. КМТУнун Кара-Балта ш. филиалы


    И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Балта шаарындагы филиалы коомдун адеп-ахлактык, маданий жана илимий баалуулуктарын сактоо жана жогорулатуу, заманбап технологияларды колдонуу менен техникалык кадрларды, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо боюнча маселелерин чечүү максатында түзүлгөн Чүй облусунун батыш аймагында жайгашкан билим берүү мекемеси.

    Филиалдын алкагында бакалаврларды жана орто кесиптик адистерди даярдоо боюнча программалар ишке ашырылууда. Филиалдын курамына «Техника жана маалыматтык технологиялар» кафедрасы жана орто кесиптик билим берүү бөлүмү кирет. Азыркы учурда Филиалда 30дан ашуун жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенишет, анын ичинен 1 илимдин доктору жана 8 илимдин кандидаты.