Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

КМТУ


КМТУнун тарыхы

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тарыхында бир топ орчундуу окуялар болду. Алардын арасында  университеттин 65 жылдык мааракеси.

КМТУнун тагдыры, башка ЖОЖдорго караганда, Кыргыз Республикасынын тагдырына таасир этти. Өлкө менен бирге анын бардык жыргалчылыгы менен  кыйынчылыктарын бөлүшүп, биринчи инженердик ЖОЖ турмуш жолун татыктуу басып өтүп, өзүнүн миссиясын ишке ашыра алды. КМТУ башкы көрсөткүчкө: жогорку инженердик билим берүүнүн системинин натыйжалуулугуна  ээ боло алды. Өлкөдөгү жана коомдогу татаал  өзгөрүүлөргө карабастан, өзүнүн алдына койгон максатын  ишке ашырып, жылдан жылга инженердик-техникалык жана инженердик-экономикалык багыттарындагы жогорку квалификациядагы  адистерди чыгарып келет, өз кезегинде, алар Кыргызстандын бардык  өндүрүштүк чөйрөсүн өнүктүрүүгө салымдарын кошуп келе жатышат.

Биздин бүтүрүүчүлөр: инженерлер, окумуштуулар,  өндүрүштүн уюштуруучулары, ишкерлер - Нарын дарыясына гидроэлектростанциялардын каскаддарын, уникалдуу аппараттарды жана өндүрүштүү башкаруу системдерин, ар кандай атайын коргоо объектилерди, турак жайларды, фабрикаларды, заводдорду, шахталарды куруп, транспорттук коммуникацияларды түзүп, тамак-аш, жеңил жана кайра иштетүү өнөр-жайларында оригиналдуу технологияларды иштеп чыгып, өндүрүштүү.

Бүгүн, билим берүү же илимий мекеме болобу, тейлөө кызматы же  өндүрүштүк ишканабы, же кандайдыр бир кампания же фирма болбосун  “политехтин” бүтүрүүчүлөрү иштебеген мекемени табуу өтө кыйын.

Андан башка, миңдеген бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандан тышкары башка мамлекеттерде иштеп, өздөрүнүн билимдерин иш жүзүндө ийгиликтүү ашырып жүрүшөт. Бул көрүнүш КМТУнун диплому бар инженердин, окумуштуу-изилдөөчүнүн учурдун талаптарына жооп бере ала тургандыгын ишенимдүү тастыктайт. Мына ошондуктан, өлкөнүн экономикасын, инженердик билим берүү, техникалык илим жана маданиятын өнүктүрүүгө зор салымын кошкон биздин университеттин тарыхий маанисин жаңыча баалоого  мааракелик дата мүмкүнчүлүк берет.

КМТУ билим берүү жана илимий мейкиндигинде өзгөчө орунду ээлейт, анын өлкөнүн интеллектуалдык дараментин өнүктүрүүгө кошкон салымын, маанисин  түшүнүп, билүү үчүн 65 жылга артка карай кылчайып, 20-кылымда болуп өткөн окуяларга, согуштан кийинки кыйроолорго көз жүгүртүп,  ошондой татаал жана оор шарттарда өлкөбүздө техникалык багыттагы  инженердик кадрларды даярдоо мүмкүн болоруна  көздөрү жеткен инсандарды  жылуу сезим менен эстейбиз.

Кыргызстандын биринчи инженердик жогорку окуу жайын уюштуруу демилгесин көрүнүктүү мамлекеттик жана саясат ишмер, кыргыз элинин  улуу инсаны Исхак Раззаков көтөрүп чыккан. Биз И. Раззаков жана анын тилектештерине чын дилибизден ыраазычылыгыбызды билдирип кетишибиз керек. Ал кезде, Орто Азиялык агрардык республикада, техникалык билим менен изилдөөчүлүк ой жүргүтүү келечекте өнүгүп кетишине күмөн санашкан.  Исхак Раззаковдун алысты көрө билгичтиги менен  акылмандуулугун убакыт көрсөтүп,  кийинки муундар аны баалай алышты, ал өзүнүн  жеке үлгүсү менен адамдын, коомдун жана жалпы мамлекеттин тагдыры мыкты билим болбосо ийгиликтүү боло албастыгын далилдей алды.

1954-жылдын сентябрында Фрунзедеги политехникалык институттун ачылышы өлкөнүн билим берүү чөйрөсүндө гана эмес, Советтер Союзунун жогорку мектеп системинде чыныгы чоң жетишкендик болду. Политех болгону эки факультеттен – тоокен-техникалык жана курулуш-энергетикалык, 31 окутуучу, алардын ичинен болгону 4 илимдин кандидаты жана 350 студентти түзгөн контигенти менен ишмердигин баштаганы бүгүнкү күндө таңкалыштуу көрүнүш. Бирок, эки жылдын ичинде эле, факльтеттердин саны эки эсеге көбөйгөн (курулуш, энергетикалык, тоокен-геологиялык, механика-технологиялык). Ал жылдары ФПИнин өнүгүү процесси таңкалыштуу динамикалуу болгон. 1959-жылга карата беш күндүзгү, бир кечки факультет жана 31 кафедра түзүлгөн.  1962-жылы Тынчтык проспектинде институттун башкы корпусу ачылган. 1963-жылы Ош (азыркы Ош технологиялык университети) жана Кара-Көл шаарларында эки жалпы техникалык факультет ачылган.  1965-жылы ФПИнин окутуучуларына СССРдин алдынкы техникалык жождорунда аспирантура жана докторантурада окуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. 1967-жылы “Политехник” аталышында көп тираждуу гезит чыгарыла баштаган. 1969-жылы института биринчи ЭЭМ пайда боло баштаган. Жаңы кафедралар түзүлүп, адистиктер ачылып, жаңы окуу корпустары салынып, аудиториялар менен окуу кабинеттери жаңыча жабдууланган. Өндүрүш менен байланыш жакшыртылып, студенттик конструктордук бюролор (СКБ), көп деген илимий ийримдер уюштурулган. ФПИнин студенттери менен окутуучулары республикалык жана бүткүл союздук илимий, өздүк көркөм чыгармачылык конкурстардын,  спортттук мелдештердин жеңүүчүлөрү  болушкан. Айтып кетчү нерсе, студенттер окутуунун биринчи жылында эле университет менен республиканын  жыргалчылы үчүн активдүү эмгекке тартылган: окуу корпустарын, жатаканаларды, Ысык-Көл жээгиндеги “Политехник” эс алуу базасын, спорттук комплексти курууга жардам беришкен. Алардын ишинин жемиштери  менен канча деген кийинки муундар  пайдаланып келди. Жайкы убакытта ФПИнин студенттери курулуш отряддарына, колхоз, совхоз, шахта, ГЭС, өнөржай ишканаларга барып, баа жетпес жардам беришчү. Ошентип болочок адистер чыныгы инженер болуу үчүн  керектүү өндүрүштүк процесстердин, эмгек жумушунун баасын билишчү.

Заманбап лаборатордук жабдуулаган  жана жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулук курамдуу ири билим берүү-илимий комплекси катары ФПИ өзүн 20 жылдык мааракесинде көрсөтө алды. 26 адистик боюнча 13 миң студент билим алган болочок инженерлерди даярдоону 12 факультеттин 60 кафедрасы, 350 окутуучусу (окумуштуу даражасы жана наамы менен  - 200) менен жүргүзгөн. Ал учурда ФПИ республикабыздын жана бардык орто азиялык региондорунун курулуш жана өнөржайы үчүн  жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоочу алдынкы окуу жайы катары эсептелген.

11,5 миңден ашык бүтүрүчүүлөрүнүн ичинен көпчүлүгү ийгиликтерге жетип, жетектөөчү адис, башкы инженер, тресттердин жана кендердин башкаруучусу, комбинаттардын, авточарбалардын, долбоорлоо институттардын, ИИИнин директору, көрүнүктүү окумуштуу, мамлекеттик жана саясат ишмер катары таанылды.

Фрунзедеги “политех” борбордук абройлуу жождордун таланттуу бүтүрүчүүлөрүн өзүнө тартчуу чыныгы борборго айланды. 20 жылдын ичинде ФПИ профессордук-окутуучулар кадрлардын жаңы муундарын тарбиялап чыкты. ФПИнин жамааты жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоодогу ийгиликтери үчүн СССРдин 50 жылдыгына карата, өлкөнүн мыкты 20 жождорунун катарында, СССРдин Министрлер Кеңешинин жана ВЦСПСтин, СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун,  ССКП БКнын Мааракелик Ардак белгиси менен сыйланган. ФПИнин 20 жылдык  ийгиликтүү ишинин  жыйынтыгын биз анын биринчи ректору, инженердик билим берүүгө жана илимге чыныгы берилген инсан, профессор Георгий Акимович Сухомлинов менен байланыштырабыз. Таланттуу лидер жана уюштуруучу катары ал ФПИге Акматбек Сагынович Джаманбаевди, Усенгазы Асаналиевич Асаналиевди, Леонид Трофимович Дворниковду, Ракым Усубакунов жана башка  илимий-техникалык элитанын өкүлдөрүн  ишке тарта алды. Так ушул инсандар, алардын тилектештери жана ФПИнин ташкындаган чыгармачылык энергиясы, жождогу техникалык илимге старт берип, биздин университеттин жакшы салттарын түптөп, анын идеалдарын калыптап, көп сандагы окуучуларын гана эмес, кийинки муундагы окутуучулар менен студенттерди  шыктандырган так ошо “политехтин” рухун түзөө алышты.

ФПИнин өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон Владимир Михайлович Журавлев жетектеген 70-80-жылдар “политех” үчүн жемиштүү жылдардан болду. Биздин “политех” Советтер Союзунун эң мыкты он ЖОЖдорунун катарына бир нече жылдары кирген. Ал жылдар бүтүн өлкөнүн, республиканын экономикасынын жогорулашы болгон, мамлекет билим берүүгө каражатын аяган эмес. Ал жылдары биздин ЖОЖ дүркүрөп өнүгүп жаткан өндүрүш чөйрөсү, атагы чыккан техникалык билим берүү жана илим борборлору менен атап айтканда Н.Э. Бауман атындагы МЖТУ, Москвадагы энергетикалык институт, Москвадагы автожол институту жана башкалар менен тыгыз байланышта болгон. Ал жылдар системдүү такшалмадардын, академиялык жана студенттик мобилдүүлүгүнүн, ошого жараша чыгармачылык жана адамдык байланыштардын жаралышы мезгили болду, көп сандагы биргелешкен чарба-келишимдик долбоорлордун аткарылышы менен  жожго жана республикага арбын экономикалык кирешелерди алып келди. Ал мезгил материалдык-техникалык, окуу-лаборатордук базаларды чыңдоо, китепкана фондун толуктоо жана өнүктүрүү  мезгили болгон. Андан ары университеттик илимдин, инженердик ойдун, иштелмелердин, ойлоп табуулардын гүлдөгөн жылдары болду.  ФПИнин окумуштууларынын иштелмелери Айдын топурагын алуу боюнча биринчи айгөлөктө колдонулган.

Мындан аркы 15 жылдык жалпы билим берүү процессинен обочолонтуу, базар экономикасына өтүү, өндүрүштүн төмөндөшү, сурам талаптардын жана техникалык адистиктердин келечеги жоктугу, инженердик кесиптин баркынын төмөндөшү биздин бүтүрүүчүлөрдүн, окутуучулардын жана жалпы университеттин тагдырына негизинен өтө начар таасир этти.

Интеллектуалдык миграциялык процесс башталды, жетектөөчү окумуштуулар, профессорлор, жаш окутуучулар ЖОЖдон башка чөйрөлөргө, башка өлкөлөргө кете башташты.  Өз ишине берилген жана университеттин патриоттору гана калышты.  Ал мезгилде,  ошондой оор шарттарда жөн гана жашап кетүү жөнүндө кеп болгон. Андан тышкары, ошол жылдары аймактык филиалдарды өз алдынча ЖОЖ катары кайрадан түзүү процесси башталган. Бирок андай “трасформациялоо” максатты актабагандык экенин мезгил көрсөттүү, кайрадан баары өз ордуна келди.  Акыркы жылдары өлкө жетекчилигинин Жарлыктарынын негизинде КМТУнун Кара-Көл, Кызыл-Кыя шаарларындагы мурдагы филиалдары  кайтарылды. Ал мезгилде кадрдык, жаш-курактык көйгөй, дасыктыкты жогорулатуу, илимий кадрларды даярдоо, материалдык-техникалык базаны жаңылоо көйгөйлөрү турганда, университеттин стратегиялык өнүгүүсү эмес өлкөдөгү инженердик билим берүү жана илим жөнүндө кеп болушу мүмкүн эмес болчу. Бирок, мурда калыптанган  билим берүү, илим, материалдык-техникалык, а негизинен руханий дарамет ушунчалык жогору экен, университет  белгиленген траектория боюнча өз ишин уланта алды. Бүгүн Кыргызстан, мурдагы СССРдин башка республикаларындай эле, өлкөнүн саясий жана экономикалык көз карандысыздык бекемдөө жана сактап калуу максатында тарыхий жолунун эң оор этабынан өтүп жатат. Анан инженерлерсиз, жаратуучусуз кантип иш жүрсүн. Мамлекет жаш муундардын техникалык билим алышына, жаңы инженердик кадрларды даярдоо, изилдөөчүлүк ой-жүгүртүүнү өнүктүрүп, жайылтуу зарылчылыгына басым жасаганына караганда, инженердик билимге, ой-көндүмдөргө, демилгелерге сурам талаптар пайда болуп, коомдун жыргалчылыгы үчүн эмгек кылуу мезгили келди. Ошону менен бирге, мамлекеттин бул багытты жетиштүү каржылоого мүмкүнчүлүгү жок. ЖОЖдор бүгүн мамбюджеттин эсебинен 20% кем каржыланат, бирок баарына белгилүү “технарды” даярдоо “гуманитарийди” даярдоодон эки эсе чыгымдарды талап кылат. Жогорууда айтылган көйгөйлөрдү чечүү максатында,  учурдун талабына жараша, биз ЖОЖдун өнүгүүсүнүн жаңы траекториясын  аныктап, алыскы жана жакынкы чет өлкөлүк жетектөөчү техникалык университеттер менен эл аралык кызматташуунун кеңейтүүнү жана көп жылдык долбоорлорду ишке ашырууну, дүйнөлүк билим берүү жана илим мейкиндигине активдүү интерграциялоо жолун тандадык.

Чындыгында, КМТУ жогорку техникалык мектеп чөйрөсүндөгү  ааламдаштыруу процессине кошулганы менен, биздин өнөктөштөрүбүздөй эле, түшүнбөстөн эле жаңы мода агымдарын туурай берүүдөн алыс.

Мисал үчүн Болон декларациясын жана башка билим берүү технологияларын  этап менен киргизүүдө, биз адегенде окуу процессинин сапатын жогорулатуу жана студенттердин өз алдынча ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүнү негизги максат катары жетекчиликке алабыз.  Бүгүнкү күндө баардык предметтер боюнча компьютердик жана бланк түрүндөгү тестирлөө өткөрүү студенттердин чыныгы билимин баалоодо жана окутуунун сапатын аныктоого мүмкүндүк берет. Европалык өнөктөштөр менен биргелешип түзүлгөн электрондук китепкана жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү өз жемиштерин алып келди.   Акыркы кездеги эл аралык кызматташуунун өнүгүүсү бизди кубандырып жана шыктандырып жатат. Берлиндеги колдонмо илимдер техникалык университети менен биргелешип түзүлгөн Кыргыз-Герман техникалык институту.  2008-жылы КГТИнин биринчи бакалаврлары бүтүп чыккан, азыркы кезде  магистрлик программа боюнча “кош” диплом берүү боюнча биргелешип даярдыктар жүрүп жатат. PhD докторантурасында окуу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла башталды.  Москвадагы энергетикалык институту (техникалык университет) менен биргеликте МЭИ-КМТУ факультетин, Д. Серикбаев атындагы Чыгыш-Казахстандык мамлекеттик техникалык университети менен биргелешип “кош” диплом берүү менен аралыктан окутуу борборун түзүү. Ницца-София-Антиполис университети (Франция) жана долбоордун башка европалык өнөктөштөр менен биргелешип  түзүмдүк корпоративдик түйүндөр түзүлүп, ишке  киргизилди, 2007-жылдан бери өлкөнүн ири университеттик китепканаларын этап менен байланыштырып келет. (IGIP) инженердик педагогиканын эл аралык коому менен алакалашуу. КМТУнун кызматташуу боюнча ишенимдүү өнөктөштөрүү болуп Москвадагы энергетикалык институту (техникалык университет), Н. Э. Бауман атындагы ММТУ, Москвадагы мамлекеттик басма университети, Москвадагы байланыш жана информатика университети, Москвадагы болот жана эритмелер  университети, Москвадагы радиотехника, электроника и автоматика университети, Носов атындагы  Магнитогорск мамлекеттик техникалык университети, Томск политехникалык университети, Рязан мамлекеттик  радиотехникалык  университети, Казан  энергетикалык университети, ошондой эле Клаусталь техникалык  университети (Германия), Кельн колдонмо илимдер техникалык  университети (Германия). Ушул ЖОЖдор менен биргелешип чечкиндүү байланыш түзүлгөндүгүнүн  натыйжасында биздин жүз деген мыкты студенттер, бакалавр, магистрлер, аспирант жана докторлор, окуусун аяктагандан  кийин өзүнүн университетине кайра кайтып келүү шарттын негизинде, чет өлкөдө акы төлөөсүз окуусун улантып жатышат, окутуучулар такшалмалардан өтүп, өздөрүнүн кесиптик деңгээлин жогоруулатып жатышат, кесиптештери менен чыгармачылык жана жеке байланышты түзүп, кандидаттык жана докторлук диссертацияларын жактап, биргелешкен ИИИ жана КРИИББ катышып мыкты илимий жыйнактарда, журналдарда илимий иштеринин жыйынтыктарын басып чыгарып жатышат. Ал жождордун жетектөөчү профессорлору биздин студенттерге лекция окуп жатышат. Ушул оор жана көп күч талап кылуучу иш натыйжалуу үлүштөрдү бере баштады. Академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын такшалмалары КМТУну заманбап билим берүү технологиялары менен байытып, эсептөөчү техниканын паркы жаңыланып, жаш таланттуу окутуучулар утуп алган гранттардын эсебинен кымбат баалуу заманбап лаборатордук аспаптар жана жабдуулар сатып алынып жатат. Илимий-техникалык китепкананын фондунун (салттуу жана электрондук) көбөйүшү өзгөчө кубандырат: акыркы үч жыл ичинде китепкананын колдонуучулары белек катары жүз деген китептерди Н. Э. Бауман атындагы ММТУ, ММБУ, Langenscheidt Гете институтунан жана Германиянын тышкы иштер министерствосунан алды. Бирок, биз чел өлкөлүк жождордон билим алган биздин студенттердин өзүбүздүн өлкөбүзгө кайтып келишин эл аралык байланыштын эң негизги жыйынтыгы катары эсептейбиз. Тактап айтканда, кадрдык саясат өлкөдө инновацияларды өнүктүрүүнүн негизи болуп эсептелет. Бул жаңы билимдери, жаңы идеялары, айрыкча окууга, билимге, ишке, жалпысынан жашоого  өтө манилүү жаңы ой-жүгүртүүсү  бар заманбап жаш адистер. Бул биздин экономиканын, тактап айтканда энергетика, маалыматтык технология сыяктуу артыкчылык тармактарын  жогорулатуучу  жаңы формациянын инженерлери. Алардын арасында чет элдик жождордо билим алып, кайра өзүнүн университетине келип, окутуучу катары иштеп алган билимдери менен  бөлүшүүгө даяр адистер. Азыркы замандын талаптарына дал келүүчү, жаңы экономикалык шарттарга көнүүгө эле эмес, алдыга коюлган маселелерди  ылдам, чыгармачыл чечип, өздөрүнө жоопкерчиликти алып,  on-line режиминде айкын чечимдерди кабыл алып, дүйнөлүк жумуш рыногунун сурам талаптарына жооп бере алуучудай, ата мекендик жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен илимий-изилдөө долбоорлорду ишке ашыра алуучу, өндүрүштүк ишканалар менен бизнес-түзүмдөр менен эки тараптуу кызматташууларды жүргүзө алуучу адистерди чыгарууга так ушулар “политехке” жардам беришет.

Окуу, илимий, эл аралык жана чарба ишмердигиндеги өзгөртүүлөр биздин студенттердин коомдук активдүүлүгүнө да таасир этти.

Бүгүн биздин студенттер “Ала-Тоо жазы” жана башка республикалык фестивалдарда байгелүү орундарды ээлеп, университеттин спортсмендери бир нече жолу Кыргыз Республикасынын Универсиадасынын чемпиону болушту.