Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Курулуш конструкциялары, имараттар жана курулмалар


Болотбек, Темир

Кафедра башчысы, техникалык илимдердин доктору, профессор

Дареги: им. Н.Исанов атындагы кампус, корпус 10, каб. 301

Телефон: +996 312 54-56-41

Email:  [email protected]

ККИК кафедрасынын негизги өнүгүү багыттары жана максаты болуп “Курулуш” багыты боюнча «Бакалавр» жана «Магистр» баскычтарында мамлекеттик билим берүү стандарттарын өздөштүрүүгө жана келечектеги кесибине керектүү практикалык ыкмаларга, жөндөмдөргө жана компетенцияларга  ээ болуу үчүн  студенттерге керектүү шарттарды түзүп берүү. Айтылган максаттарга жетүү үчүн керектүү инфраструктуралар жана окуу процессин эффективдүү системасы түзүлгөн.
Кафедранын кийинки өнүгүүсү төмөнкү негизги багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  1. Кафедрага бекитилген сабактар боюнча, окуу жана усулдук иштерди окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуу менен уюштуруу жана жүргүзүү;
  2. Кафедранын профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, алардын жыйынтыктарын жарыялоо (монографияларды, макалаларды, көрсөтмөлөрдү, жыйнактарды ж.б.)
  3. Аспирантура жана магистратура аркылуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу, окутуучулардын иштеринине сапаттык текшерүүнү күчөтүү;
  4. Студенттер менен үгүт жана тарбиялык иштерди жүргүзүү;
  5. Илимий жана өндүрүштүк да, өнөктөштүк да байланыштарды кеңейтүү жана өнүктүрүү;
  6. Инновациялык ишмердүүлүк;
  7. Сапат менеджменти системасын мындан ары өнүктүрүү;