Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

ОКББ (колледж).


Кесиптик орто билим берүү (Колледж) архитектура, курулуш, транспорт, маалыматтык технологиялар жана экономиканын ар түрдүү тармактарында орто звенодогу адистерди даярдайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 жарлыгына чейин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №414 токтомуна чейин КОББ (Колледж) Н.Исанов атындагы КМКТАУнун түзүмдүк бөлүмү катары иш жүргүзүп келген.

Колледждеги билим берүү процесси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет, инсандын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү максаттуу процесси болуп саналат. Окутуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен кесиптик орто билим берүүнүн адистиктери боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде иштелип чыккан окуу пландары боюнча өтөт.

КОББ (Колледж) 9 багыт жана кесиптик орто билим берүүнүн 21 адистиги боюнча даярдайт. Окутуунун формалары: күндүзгү (2016-ж.) жана сырттан окуу (2017-ж.). Студенттердин контингенти 2022-2023-окуу жылынын башында болжол менен 2400 студентти түзөт.

Адистерди даярдоонун сапаты педагогикалык кызматкерлердин, анын ичинде университеттин өндүрүштүк жана тажрыйбалуу окутуучуларынын кадрдык курамынын жогорку деңгээли менен камсыз кылынат. Колледжде педагогикалык ишти: илимдин докторлору жана кандидаттары, билим берүү тармагында жана колледждин адистиктери боюнча жетиштүү тажрыйбасы бар окутуучулар жана улук окутуучулар жүргүзүшөт. Колледждин окутуучулары заманбап окутуу технологиялары менен сабак өтүшөт.

Билим берүү кызматтарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана КОББ (Колледж) кадрдык потенциалын бекемдөө үчүн педагогикалык кадрларды жаңы илимий билимдерге жана окутуунун заманбап инновациялык методдоруна ээ болуу аркылуу аларды даярдоонун сапатын дайыма жогорулатуу саясатын карманат. Инновациялык технологияларды колдонууга: интерактивдүү сабактарга, долбоордук окутууга жана компьютердик технологияларга өзгөчө маани берилет, көйгөйлүү лекциялар, семинар – диспуттар, окуу дискуссиялары, дидактикалык оюндар, имитациялык тренингдер, оюн долбоорлоо, презентациялар ж. б. практикаланат.

Даярдыктын жогорку сапатына, колледжде окуу процессинин ишмердүүлүгүнүн тийиштүү көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн академиялык ак ниеттүүлүк жана этика, объективдүүлүк принциптери бекитилген.

КОББ (Колледж) билим берүү процесси И.Раззаков атындагы КМТУнун (Н.Исанов кампусу) төрт окуу корпусунда ишке ашырылат, бул жерде лекциялык, компьютердик класстар, лабораториялык жайлар, спорттук аянтчалар, салтанат залы, ашканалар, буфеттер бар. Жалпысынан окуу жайларынын, атайын лабораториялардын жана кабинеттердин, спорт залдардын аянты КОББ МББС окуу жайларына коюлуучу талаптарга ылайык келет. Аудитордук фонддун абалынын жана лабораториялык жабдуулар менен камсыз болушунун көрсөткүчтөрү ченемдик талаптарга жана КОББ (Колледж) көрсөтүүчү билим берүү кызматтарынын сапатынын шарттарына ылайык келет.

Студенттер университеттин компьютердик жана маалыматтык-китепканалык ресурстарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мунун баары окуу процессин уюштуруунун сапатын жакшыртууга жана окуучулардын тиешелүү компетенцияларын калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Тарбиялык иштерге - активдүү турмуштук позицияны өнүктүрүүгө жана студенттерди университеттин коомдук турмушуна тартууга олуттуу көңүл бурулат. Студенттер социалдык-маанилүү компетенцияларды калыптандырууга багытталган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, тренингдерге, конкурстарга, майрамдарга катышат. Жигердүү сенат иштеп жатат-студенттик өзүн-өзү башкаруу органы.

КОББ (Колледжде) окутууда алынган билимдер, жөндөмдөр, көндүмдөр, баалуулуктар жана руханий-адеп-ахлактык багыттар кесиптик ишти аткаруу жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат. Жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде, атап айтканда И.Раззаков атындагы КМТУнун бардык бакалавр программалары боюнча окууну улантууга түрткү берет.

Колледждин башкаруу түзүмү салттуу органдар аркылуу түзүлгөн: жетекчилик (директор, директордун орун басарлары, бөлүм башчылары), Педагогикалык кеңеш, ПЦК, ж.б.