Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Ташууларды уюштуруу жана транспорттогу башкаруу


     “Ташууларды уюштуруу жана транспорттогу башкаруу” кафедрасы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу-усулдук жана илимий бөлүмү болгондуктан 670300-Унаа процесстеринин технологиясы багыты боюнча бакалаврларды жана магистрлерди даярдоону, студенттер арасындагы окуу, окуу-усулдук, илимий изилдөө иштерин жана 05.22.10 “Автомобиль унааларын иштетүү” адистиги боюнча (аспирантура) жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык адистерди даярдоону ишке ашырат.

        Азыркы учурда кафедранын профессордук-окутуучулук курамында  4 техника илиминин докторлору - Атабеков К.К., Торобеков Б.Т., Маткеримов Т.Ы., Трофимова ЛС., 9 илимдин кандидаттары - Райымбеков К.Б., Исаков К., Нурманбетов Н.Р., Раззаков М.И., Сурапов А.К., Сарымсаков Б.А., Муктарбек уулу К., Алтыбаев А.Ш., Арыкбаев К.Б., 2 доцент Стасенко Л.Н., Асаналиев Т.М., 7 улук окутуучулар - Назаров Б.П., Мырзалиева А.О., Рысбеков А.Ш., Чопоев А.Б., Эсеналиев Т.Б., Токталиева А., Эргешов Э.А. жана окуу-көмөкчү курамы - Кудайбергенова Д., Максатбек кызы А. иш алып барышып, кафедрага бекитилип берилген сабактарды жеткиликтүү түрдө илимий-теоретикалык, усулдук жана уюштуруучу денгээлде окутушуп, илимий-изилдөө, окуу усулдук иштерин жүргүзүшөт.

    Кафедрага лекция окулуучу аудиториялар, окуу-практикалары, илимий-изилдөө лобораториялары жана дагы автомобиль унааларындагы бажы иштери, унаа каражаттарынын конструктивдүү коопсуздук чөйрөсү, ташуу процесстери жана логистика боюнча атайын стенддер, шаймандар бекитип берилген.

     Кафедранын негизги максаты болуп татаал социалдык-экономикалык чөйрөдө иш алып барууга даяр, атандашууга жөндөмдүү  жана жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо болуп саналат.

          Кафедранын негизги тапшырмаларына төмөндөгүлөр кирет:

  • Профессордук-окутуучулук курамдын окуу-усулдук иш аракеттерин өркүндөтүү;
  • Студенттердин чыгармачылык деңгээлин жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында окутуунун технологияларын жакшыртуу;
  • Профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин бирдиктүү иш аракеттеринин натыйжасында фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү, алынган жыйынтыктарды окуу процесстеринде колдонуу;
  • Жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрлардын жана жогорку билимдүү адистердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо;
  • Коомдогу адеп ахлак, маданий жана илимий баалуулуктарды көбөйтүү жана сактоо;
  • Билим берүүнү элдердин арасында таратуу жана мамлекетибиздин интеллектуалдуулук деңгээлин жогорулатуу;
  • Студенттер арасында тарбиялык иштерди жүргүзүү.

        Кафедра мамлекеттик муниципалдык жана жеке ишканалар менен дайыма байланышта болуп, ал жерлерде студенттер окуу-таанышуу, өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикаларын өтүшөт. Төмөндөгү ишканалар менен келишимдер түзүлгөн:

  • Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги, анын түзүмдүк бөлүмдөрү;
  • КР ИИМ жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгы;
  • Бишкек ш. Мэриясынын алдындагы шаардык унаа башкармалыгы;
  • “Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаа ишканасы” муниципалдык ишканасы;
  • Бишкек троллейбус башкармалыгы;
  • КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү (азыркы учурда кол коюлуп жатат).

        Тажрыйба алмашуу, жаңы инновациялык технологияларды үйрөнүү, чогулуп конструктордук ойлоп табууларды ишке ашыруу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү, конференцияларды ж.б. иш чараларды биргелешип өткөрүү максатында республикабыздагы жана чет мамлекеттеги төмөндөгү ЖОЖдор менен тыгыз байланыштар түзүлгөн:

  • Москвадагы автомобиль-жол мамлекеттик техникалык университети (МАДИ, Россия, Москва);
  • Сибир мамлекеттик автомобиль-жол университети (СибАДИ, Россия, Омск);
  • Омск байланыш жолдору мамлекеттик университети (ОмГУПС);
  • Б.Н.Ельцин ат. Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ);
  • Н.Исанов ат. Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университети (КГУСТА);
  • Кыргыз улуттук айыл чарба университети;
  • М.Адышов ат. Ош технологиялык университети (ОшТУ).