Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Стипендиалдык программалар


Ректордук стипендия

26.12.23 ректордун университеттин эң активдүү студенттери менен жолугушуусу болуп,анда окуу жайыбызды өнүктүрүүнүн масштабдуу стратегиялары көрсөтүлүп, аткарылган иштердин жана жетишкендиктердин маанилүү учурлары чагылдырылды. Ректор студенттерди университеттин ийгиликтүү келечегин түзүүгө активдүү катышууга шыктандыруу менен өнүгүүнүн негизги багыттарын баса белгиледи.

Андан соң көрүнүктүү 20 студентке Ректордук стипендия жана КГТУнун уникалдуу фирмалык белгиси ыйгарылды. 
Ар бир түзүмдүк бөлүмдүн активисттери университеттин коомдук жана илимий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттарын алышты. 

Директордун тарбия иштери боюнча орун басарларына да ыраазычылык билдирилип, алардын студенттик жамаатты түзүүгө кошкон маанилүү салымын белгиленди.

Иш-чара кофе-брейк менен аяктап, бардык катышуучуларга тажрыйба алмашуу, жаңы байланыштарды түзүү жана достук чөйрөдө жагымдуу убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берди.

Президенттик стипендия 2023

23-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылы ичинде жогорку окуу жайлардын студенттерин Президенттик стипендия менен сыйлоо салтанатын өткөрдү. 
Салтанаттын жүрүшүндө билимдин ар кандай тармактарында мыкты ийгиликтерге жетишкен 75 студентке президенттик стипендиялар ыйгарылды . Өлкөнүн мыкты студенттеринин тизмесинде биздин университеттин өкүлдөрү басымдуулук кылды. КМТУнун 8 студентине Президенттик стипендия ыйгарылды. 
Стипендиаттардын тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт: 

  1. Айбекова Адэлия Айбековна,
  2. Алмаматов Илиязбек Мыйманбаевич,
  3. Джалалов Шайхидин Ниъматович,
  4. Жолой уулу Кайрат,
  5. Кыдырова Асель Сатындыевна,
  6. Ойозбекова Айдаана Ойозбековна,
  7. Сулайманов Жанат Женишевич,
  8. Усенакунова Алима Айбековна