Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Абитуриентке


Азыркы турмуштун өсүп-өнүгүүшүнө жараша жашоодо «инженер-педагог» профессиясына болгон суроо-талап күндөн-күнгө өсүүдө, анткени, билим берүү системасына ылайыктуу жана өндүрүштү түшүнгөн, ар тараптан жөндөмдүү адистердин керектиги талашсыз. Республикадагы жалпы орто мектептерге, кесиптик жана жогорку окуу жайларга педагогикалык, психологиялык жана техникалык билими бар окутуучуларды КМТУда «Инженердик педагогика» кафедрасы бир топ жылдан бери «Кесиптик окутуу» жана «Технологиялык билим берүү» адистиктери боюнча инженер-педагогдорду даярдап келет.

Билим алуу учурунда студенттер кесиптик билим берүүнүн негиздерин, педагогикалык чеберчиликтерди, башкаруунун психологиясы жана техникалык сабактарды окутуунун усулдары аттуу сабактарды өздөштүрүшөт. Ошол эле учурда, бул сабактарды өздөштүрүү менен катар ар кандай инженердик техникалык сабактарды да кошо окушат. Анткени инженер-педагог катары студенттер келечекте  өзүнүн инженердик жөндөмдүлүгүн өндүрүштүн ар кандай тармактарында көрсөтө алышат.

Кесиптик-техникалык билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын орто атайын билим берүү мекемелерине  жыл сайын атайын техникалык сабактар ​​боюнча жогорку инженердик-педагогикалык билимдүү 70 мугалим талап кылат.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, ар бир окуу жылында мектептер үчүн технология жана эмгек даярдоо, чийүү жана информатика сабактары боюнча 100 мугалим талап кылынат.  Бул статистика Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүү мекемелерине жана орто мектептер үчүн инженер-педагогикалык кадрларды даярдоону керектигин көрсөтүп турат."Инженер-педагог" кесиби эки башка системалар менен бир эле учурда иштеп жаткан татаал  кесиптердин катарына кирет: "адам - ​​адам", "адам - техника".Инженер-педагог - бул тармактар боюнча көптөгөн кесипчиликтерди өзүнө камтыйт: машина куруу, электрэнергетика, тоо-кен, курулуш, жеңил өнөр жай жана экономика ж.б.Инженер-педагог кесиптик-техникалык билим берүү жаатында бардык педагогикалык иш аракеттерди аткарып, ошондой эле азыркы учурдагы өндүрүштүн ар түрдүү багыттары боюнча инженердик ишти аркалай алат. Инженер-педагогдун эмгек ишмердүүлүгү негизинен педагогикалык иш аракеттер болуп эсептелет, анткени коомдун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жаш муундарды  коомдун талаптарына жооп берген тажрыйба, билим жана көндүмдөргө үйрөтүп, ар тараптан көз карашы калыптанган инсанды тарбиялоо болуп саналат.

КМТУнин  "Инженердик педагогика" кафедрасы 1998-жылдан тартып 550 800 "Кесиптик окутуу" багыты боюнча «Кесиптик окутуунун педагогу» (инженер-педагог) квалификациясы менен даярдап жатат.  Кафедрада бул багыттын ичинде төмөнкү адистиктер боюнча окутуу жүргүзүлөт:

КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР, ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫНЫН ТЕХНОЛОГИЯСЫ, ЭЛЕКТРЭНЕРГИЯСЫ, ТАМАК-АШ ТЕХНОЛОГИЯСЫ, КИЙИМ ТИГҮҮ ТЕХНОЛОГИЯСЫ.

КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ар бир окуу жылы үчүн "Кесиптик окутуу" багыты боюнча 10 грант орун бөлүнөт жана контракттык келишим боюнча абитуриенттерди кабыл алат. Билим алуунун күндүзгү түрүндө окуу мөөнөтү - 4 жыл, аралыктан окутуу  түрү - 5 жыл.4 жылдык билим алуу учурунда студенттер эки багытта (педагогикалык жана техникалык) билим алып, заманбап өндүрүшкө ыңгайлуу, талапка жооп берген адистерди болуп чыгат.  Бул үчүн, кафедрада өз тармагындагы мыкты адистер эмгектенет, алар келечекте керектүү кесиптик ык-шыктарды жана интеллектуалдык маданиятты жогорку деңгээлде  калыптандырат.